Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Чаткал токой чарбасынын ишин жана анын питомнигинин абалын текшерди. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Маалым болгондой, иш сапардын жүрүшүндө министр тиешелүү кызматкерлерге жабык тамырлуу отургузуучу көчөттөрдү өстүрүүгө өтүүнү, сапатын жакшыртууну жана "Жашыл мурас" долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон көчөттөрдү үзгүлтүксүз камсыз кылууну тапшырды.
"Чаткал токой чарбасына 2026-жылга карата 25 гектар аянтка токой плантацияларын түзүү планы бекитилди",- деп белгиленди маалыматта.
Маалымат үчүн: Чаткал токой чарбасы 1994-жылы түзүлгөн жана аянттын баары тосулуп, жалпысынан 14 500 көчөт отургузулган.