Бишкек шаарында Орусиядан Кыргызстанга баңгизатты мыйзамсыз ташып кирүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Орусиядан Кыргызстанга жөнөтүлгөн таңгакты алып жаткан жеринен 28 жаштагы шектүү кармалды.
"Таңгакты тинтүү учурунда аба тазалагычтын ичинен 1 килограмм 64 грамм "Альфа-PVP" психотроптук заты табылды. Аталган жаран 4 айдан бери психотроптук заттарды жашыруун жайгаштыруу жолу менен алектенип келген. Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда",- деп белгиленет маалыматта.