Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында катталган жол кырсыгында 10го жакын адам жабыркады. Маалыматты Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, 24-октябрда Камаз менен кичи автобус кагылышты. Жол кырсыгынын кесепетинен кичи автобустун 10го жакын жүргүнчүсү жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Бүгүнкү күндө 2-3 жарандын абалы оор.
Мекеме учурда жол кырсыгы боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.