Бакыт Бакетаев, саясат таануучу: “Кумтөрдөгү" үлүштү  50х50 пайыздан бөлүү боюнча өкмөттүн сунушун колдойм”

Бүгүн, 5-февралдагы маалымат жыйынында саясат таануучу Бакыт Бакетаев “Эгер "Кумтөрдү" улутташтырсак, өлкөбүзгө пайда келбейт. Ошондуктан "Кумтөрдөгү" үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү боюнча өкмөттүн сунушун колдойм” деп билдирди.

“Норвегиянын пенсиялык фонду, “JP Morgan”  дүйнөлүк ири ишканасы жана Франциянын бир ишканасы "Кумтөрдүн" акционерлери катары белгилүү. Алар менен кагылышууга келтирбей, сүйлөшүү жолу менен келишимге келүүнү сунуштаар элем”,- деди саясат таануучу.

Белгилей кетсек, бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы меморандуму каралууда.

“Центерра” менен сүйлөшүүгө барган өкмөт 2013-жылдын октябрь айында үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү сунушун парламентке алып чыккан. Меморандумдун кыргыз тараптын кызыкчылыгына жооп бербей турганын айткан депутаттар үлүштү 67 пайызга жеткирүү, болбосо келишимден бир тараптуу чыгууну демилгелөө тапшырмасын берип Сатыбалдиевди кайрадан “Центерра” менен сүйлөшүүгө жөнөткөн. Бирок өкмөт ал тапшырманы аткара алган жок. Айрым өзгөртүүлөр менен жаңы макулдашуу сунуштоодо. 

Эгер бул келишим долбоору парламенттен колдоо таппаса, Кыргызстан “Кумтөрдү” улутташтыруу же келишимден бир тараптуу чыгууга киришүүсү мүмкүн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан