Биз социалдык тармакта

"Силерди оору күтүп турабы?" Депутат трансплантацияга муктаж бейтаптарды каржылоону сындады (видео)

Бүгүн, 26-октябрда парламенттин Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитетинин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу боор жана бөйрөк трансплантациялоо боюнча каржылоо маселесин көтөрдү. Аталган көйгөй жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев маалымат берип жаткан учурда айтылды.

Эл өкүлү реестрде турган 14 бейтап жана Москва шаарына жөнөтүлгөн 3 донордун операциялык чыгымдары ким тарабынан каржыланып жатканына кызыкты.

Ага Улуттук хирургия борборунун өкүлү жооп берип жатып учурда 1 гана бейтаптын каржылоо маселеси чечилгенин билдирип, калган каражатты Саламаттык сактоо министрлигинен күтүп жатышканын айтты.

Бул арада депутат тийиштүү кызматтарды жарга такады.

"Каржылоону каяктан күтүп жатасыңар? Ал оору сиздерди күтүп турабы? Качан бөлүнөт? Иш кайсы стадияга жетти? Саламаттык сактоо министрлиги (ред:. орун басары) турат. Качан чечесиздер?",- деди депутат.

Букуев бул жаатта маалыматы жок экендигин айтып, такталган соң жооп бере турганын билдирди.

Депутат трансплантацияга муктаж бейтаптардын каржылоосу кечигип жатканын сындады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан