Кечээ, 25-октябрда социалдык тармактарда тараган видеодогу Changan үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу тротуар менен жүргөнү үчүн жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, видеодогу факт текшерилип, айдоочу жол кыймылынын эрежелерин одоно бузганы аныкталды. Ага карата Укук бузуулар кодексине ылайык протокол түзүлүп, тиешелүү чаралар көрүлдү.