Бишкекте бир жашка чейинки эки ымыркайга тери көчүрүү операциясы жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Эне жана баланы коргоо улуттук борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, балдар 2026-жылдын сентябрь айында теринин жана тери алдындагы май катмарынын некрозу менен ооруканага түшүшкөн. Дарыгерлер эки жума дарылоодон кийин өз терисин көчүрүү операциясын жасашты. Көчүрүлгөн теринин 85-90 пайызы жабышып, эки баланын тең абалы жакшырды.
Балдар ооруканадан чыгарылып, жашаган жери боюнча амбулатордук көзөмөлгө жөнөтүлгөнү кошумчаланды.