Бишкек шаарындагы Мичурин жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жеңил унаа жолду тосуп, "Тез жардам" кызматынын ишине тоскоолдук жаратты. Натыйжада дарыгерлер болжол менен 15-20 мүнөт унаа ээсин күтүүгө аргасыз болушкан. Айдоочу окуя болгон жерге кийинчерээк келген.
Бул тууралуу видео интернет желесине тарап, колдонуучулардын нааразычылыгын жаратууда.