Британиянын соту америкалык ырчы Крис Браунду 2023-жылы Лондондо продюсерге кол салганы үчүн сегиз айга шарттуу түрдө эркинен ажыратты. Бул тууралуу Sky News телеканалы жазды.
Маалыматка ылайык, Браун июль айында 2023-жылы Лондондогу Tape клубунда продюсер Абрахам Диау менен болгон мушташка байланыштуу күнөөсүн моюнуна алган.
Айыптоонун версиясы боюнча, ырчы менен анын вокал боюнча машыктыруучусу Диауга жакындап, анын башына айнек бөтөлкө менен эки жолу урган. Андан соң продюсер клубдан качууга аракет кылып жатканда аны тепкилешкен.
Окуядан кийин жабырлануучу башынан жана тизесинен жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Сот Крис Браунга сегиз айлык абак жазасын 12 айга жылдыруу менен белгилеген. Натыйжада ырчы түрмөгө камалбай калды.