Түштүк Кореяда суроо-талапка ээ актриса болгонго чейин Чин Ги Жу өзүн бир нече тармактан сынап көрүүгө жетишкен. Популярдуу SBS теле-радиокомпаниясында журналист, Samsung компаниясында IT-консультант болуп иштеп жүрүп шоу-бизнеске кирип кеткен. Актёрлук билими жок эле, ошентсе да камера алдында иштеген жагып калган. Убагында “адам сулуулугу менен эмес, алган билими менен ийгиликке жетет” деген оюнан кайткан. Анткени дал ошол сулуулугу үчүн киноагенттиктен сунуш алып, кино дүйнөсүндө ийгилик жаратып келет.
Макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” 30-октябрда чыккан жаңы – №1245 санынан окуй аласыз.