Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Сауд Арабиясынын чемпиондугунда “Аль-Наср” клубунун курамында “Аль-Холудга” каршы беттеште хет-трик жасады.
29-октябрда өткөн оюнда “Аль-Наср”атаандашын 5:3 эсебинде жеңди. Роналду беттештин 66, 72 жана 81-мүнөттөрүндө үч гол киргизди.
Бул португалиялык футболчунун карьерасындагы 67-хет-триги болду. Ал клубдук жана улуттук курамалардагы голдорунун жалпы санын 985ке жеткирди. Ошентип Роналду карьерасындагы 1000-голун киргизүү үчүн дагы 15 гол топтошу керек.
Белгилей кетсек, Роналду буга чейин “Реал Мадрид” клубунда 44, Португалия курамасында 10, “Аль-Насрда” 7, “Манчестер Юнайтед” жана “Ювентуста” үчтөн хет-трик жасаган.