3-ноябрда Бишкектин Ак-Босого конушунда саат 09:00дөн 17:00гө чейин суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты.
Маалым болгондой, "Ак-Босого-1" жана "Ак-Босого-2" суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга жана башка мекемелерге суу берилбейт.
Мекеме тургундарды алдын ала суу камдап алууга чакырат.