Биз социалдык тармакта

Ататүрк сейил багынын күзгү көрүнүшү (сүрөттөр)

Күз мезгилинде борбор калаадагы сейил бактар өзгөчө кооздукка бөлөнөт. Саргайган жалбырактар, салкын аба жана табияттын түркүн түскө боёлгон көрүнүшү эс алуучуларга өзгөчө маанай тартуулайт.

Бишкектеги Ататүрк сейил багында да күздүн көркүн байкоого болот. Учурда сейил бакта келгендердин саны жай мезгилине салыштырмалуу азайганы байкалат. Буга күндүн суукташы себеп болушу мүмкүн.

Сейил бакта сейилдеп жүргөндөрдү, жалбырактардын арасында ойногон тыйын чычкандарды жана күздүн кооздугун көрүүгө болот.

Сиздерге Ататүрк сейил багында тартылган сүрөттөрдү сунуштайбыз.

Белгилей кетсек, аталган сейил бак Ахунбаев жана Шакиров көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

“Ата-Түрк” сейил багынын күзгү көрүнүшү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан