Кечээ, 29-октябрда байкеси сатып жиберген атын бергиси келбей, кучактап ыйлаган баланын видеосу социалдык тармактарга тарап, көпчүлүктүн көңүлүн бурду.
Видеодо бала "бербейм атты" деп ыйлап, сүйүктүү жаныбары менен коштошкусу келбей жатканын көрүүгө болот. Кийинчерээк аттын сатылып кеткени маалым болду.
Социалдык тармактын айрым колдонуучулары атты кайра кайтарып алуу үчүн каражат чогултууга даяр экенин жазышууда.