Биз социалдык тармакта

ИИМ кызматтык унаа менен кичинекей баланын катышуусунда контент тартты (видео)

Ички иштер министрлиги расмий баракчасына Кыргыз милициясынын 102 жылдыгына арналган видео жарыялады.
Видео Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында кызматтык унаа жана оюнчук кармаган кичинекей баланын катышуусунда тартылган. ИИМ келечек муунга үлгү болуу керектигин белгиледи.
"Балдар биздин жүрүм-турумубузга жана айланадагыларга болгон мамилебизге карап тарбия алышат. Ошондуктан аларга кичинекей кезинен баштап мыйзамды урматтоону, тартипти сактоону жана өз иш-аракеттери үчүн жоопкерчиликтүү болууну үлгү катары көрсөтүү абдан маанилүү. Анткени келечек өзүбүздөн башталат! Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы менен куттуктайбыз!" - деп жазылат билдирүүдө.
ИИМ кызматтык унаа менен кичинекей баланын катышуусунда контент тарты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан