Британиялык куудул Саша Барон Коэн өзүнүн белгилүү ойдон чыгарылган каарманы, журналист "Борат Сагиев" үчүн казак элинен кечирин сурады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка карганда, актёр өзү жараткан образдын Казакстанга, анын маданиятына же жарандарына эч кандай тиешеси жок экенин айтып, кечирим сураган.
"Кечирим сурайм. Мен сиздердин тилиңиздерде сүйлөй албайм жана сиздердин тилиңиздерди билбейм. Силер Боратка такыр окшобойсуңар. Сураныч, таарынбагыла, казак эли, мен сизге урмат сый менен мамиле кылам", - деген Коэн.
Ошондой эле актёр биринчи "Борат" тасмасы чыкканда Казакстандын Улуу Британиядагы элчилиги арыз жазганын кошумчалаган.
Эскерте кетсек, "Борат" киносунун биринчи бөлүгү 2006-жылы, экинчи бөлүгү 2020-жылы чыккан.
Маалымат үчүн: Саша Барон киносунда Нурсултан Назарбаев менен электрондук кат аркылуу сүйлөшүлгөнүн көрсөтөт жана казак элине караштуу ар кандай сөздөр айтылат. Мындан улам 2020-жылы казакстандык блогер жана активисттер "Борат менин өлкөмдөн эмес" деген челленж башташкан.