Бүгүн, 30-октябрда өлкө боюнча 1700 чакырымдан ашык асфальтталган автожол расмий түрдө пайдаланууга берилди.
Транспорт министрлиги билдиргендей, жолдордун ачылышы Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чаранын алкагында өттү.
Маалыматка ылайык, жыл аягына чейин жол куруу иштери улантылып, асфальтталган жолдордун жалпы узундугу 2000 чакырымга жетиши мүмкүн.