Өлкө башчы Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Кыргызстандын эгемендигин белгилөөгө арналган иш-чараларды өткөрүүгө кошкон салымдары үчүн 11 жаранга "Даңк" орденин ыйгарды.
Президенттин жарлыгында аты аталгандар:
- Нурсултан Аденов – Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жетекчиси.
- Даврон Алмазбеков – Президенттик администрациянын протокол кызматынын жетекчиси.
- Адылбек Бийбосунов – ички иштер министринин биринчи орун басары.
- Данияр Исаков – Коргоо министрлигинин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын кол башчысы.
- Алтынбек Кутманов – президенттик администрациянын президенттин жана Министрлер
кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары, уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы.
- Шайлообек Козубаев – президенттик администрациянын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
- Мирбек Мамбеталиев – маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри.
- Октябрь Урмамбетов – ички иштер министринин орун басары.
- Эраслан Усупов – президентке караштуу мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын орун басары.
- Алмаз Шайбеков – президентке караштуу мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын биринчи орун басары.
- Жыргалбек Шамыралиев – президенттик администрациянын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик
инспектору.