Биз социалдык тармакта

Beeline'дан 5G роуминг 30дан ашык өлкөдө жеткиликтүү болду

Улуттук мобилдик оператор Beeline эл аралык 5G роуминг географиясын кеңейтти. Эми абоненттер кадимки номерин сактап, дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүндө бешинчи муундагы тармакты колдоно алышат.

Beeline'дан 5G роуминг саякаттар жана иш сапарлар үчүн дагы көп мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Казакстан, Өзбекстан, Египет, Франция жана Улуу Британия сыяктуу популярдуу багыттарга Россия, Кытай, Сауд Аравиясы, Италия, Чехия, Грузия жана башка жаңы өлкөлөр кошулду.

Жакын арада Beeline 5G роуминг географиясын 100 өлкөгө жана андан ашык кеңейтүүнү пландап жатат, ошондо дагы көп саякатчылар жаңы муундагы байланышты чектөөсүз колдоно алышат.

5G роуминг менен ыңгайлуу:

  • Чет өлкөгө келгенде биринчи секунддан тартып байланышта болуу — такси заказ кылуу, мейманкананын брондолгонун текшерүү, жакындарыңызга жеткениңизди билдирүү.
  • Чоочун шаарда багытты табуу — карталарды тез жүктөө, керектүү жерлерди табуу жана маршруттарды түзүү.
  • Таасирлер менен бөлүшүү — саякаттан сүрөттөрдү жөнөтүү жана видеолорду жогорку ылдамдыкта жүктөө.
  • Видео байланыш аркылуу баарлашуу — туугандар жана достор менен чалуу.
  • Жолдо иштөө — онлайн жолугушууларга катышуу, документтерди жүктөө жана чоң файлдарды жөнөтүү.
  • Сүйүктүү контентти көрүү — тасмалар, видеолор жана трансляциялар мыкты сапатта.

Саякат учурунда жогорку ылдамдыктагы онлайн кызматтарынан пайдалануу үчүн сизге 5G технологиясын колдогон смартфон жана барган жериңизде 5G тармагынын камтуусу керек болот.

Beeline'дын үнөмдүү роуминг кызматтары менен 5G технологиясынын бардык артыкчылыктарын баалап көрүңүз:

  • Интернет керекпи? 1, 5 же 10 ГБ үчүн эки жумалык пакеттерди кошуңуз, баасы тиешелүү түрдө 499, 1999 жана 2999 сом. Кошумча Google Карталар жана 2ГИС үчүн 128 Кбит/с чейинки ылдамдыкта чексиз трафик камтылган. Пакеттер 75 өлкөдө жарактуу.
  • Сапарга чыкканда чалып, интернетти активдүү колдонууну пландап жатасызбы? “Үйдөгүдөй Роуминг" кызматы суткасына 199 сомго чексиз интернетти жана 10 мүнөт чалууларды камтыйт. Бул кызмат Казакстан, Өзбекстан, Россия, Түркия, Сауд Аравиясы жана БАЭде жеткиликтүү.
  • Жакындарыңыз менен көбүрөөк баарлашкыңыз келеби? "Роумингдеги чексиз мессенджерлер" кызматы дүйнөнүн 75 өлкөсүндө WhatsApp жана Telegramды трафик көлөмүнө чектөөсүз колдонууга мүмкүндүк берет. Баасы — 24 саатка 150 сом.

Beeline эл аралык роумингтин мүмкүнчүлүктөрүн абоненттердин муктаждыктарын эске алуу менен кеңейтүүнү улантууда. Эң пайдалуу роуминг менен саякаттаңыз, иштеңиз жана жаңы горизонтторду ачыңыз!

Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.

КР МТБМК караштуу МБАнын №15-1420-КР, №16-1526-КР лицензиялары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан