
MEGA улуттук уюлдук байланыш оператору шылуундук чабуулдардын көбөйүп жаткандыгы тууралуу өз абоненттерине эскертет. Акыркы күндөрү колдонуучулардын аккаунттарына жана алардын жеке маалыматтарына жетүү максатын көздөгөн алдамчылык аракеттер көп катталууда.
Шылуундар түрдүү ыкмаларды колдонууда: өздөрүн уюлдук байланыш операторлорунун, банктардын жана башка уюмдардын кызматкерлери катары тааныштырып, шектүү билдирүүлөрдү жөнөтүшөт жана аккаунттарга кирүү үчүн тастыктоо коддорун алууга аракет кылышат.
Мунун натыйжасында колдонуучулар өз аккаунттарына, анын ичинде кеңири таралган мессенджерлердеги аккаунттарына кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышы мүмкүн.
MEGA өз абоненттерине эскертет жана аларды санариптик коопсуздук эрежелерин сактоого жана аккаунттарын коргоого өзгөчө көңүл бурууга чакырат.
Кошумча коргоонун эң натыйжалуу ыкмаларынын бири – эки факторлуу аутентификациялоодон өтүү. Бул функциянын артыкчылыгы − аккаунтка кирүүдө инсандыкты текшерүүнүн кошумча ыкмасын колдонуу. Алдамчылык чабуул жасап жаткан шылуундар SMS аркылуу келген тастыктоо кодун же аккаунтка кирүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды билип алган күндө да, кошумча коргоо алардын аккаунтка кирүүсүнө бөгөт коюшу мүмкүн.
Шылуундук аракеттердин курмандагы болуп калуу коркунучун азайтуу үчүн, MEGA төмөнкүлөрдү сунуштайт:
MEGA WhatsApp аккаунттарын бузууга байланыштуу шылуундук схемаларды өзгөчө белгилейт. Башка бирөөнүн аккаунтуна кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондон кийин, шылуундар аккаунт ээсинин байланыштарына билдирүүлөрдү жөнөтүп, насыя сурап, эң өкүнүчтүүсү, адамдардын ортосундагы ишенимди алдамчылык максатта пайдалана алышат.
WhatsApp Meta компаниясына таандык болгондуктан, аккаунтту калыбына келтирүү сервистин өз жол-жоболоруна ылайык жүргүзүлөт. MEGA мындай аккаунттарды калыбына келтирүүнү түздөн-түз башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес, бирок өз компетенциясынын чегинде көмөк көрсөтүүгө даяр.
Улуттук оператор абоненттерди этият болууга, шылуундардын айла-амалдарына алданбоого жана бейтааныш адамдардын кысымы астында шашылыш чечимдерди кабыл албоого чакырат.
КР МБА лицензиялары: №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР