Биз социалдык тармакта

Жумушсуз жаранды ишке алган ишкерлерге 150 миң сом берилет

Кыргызстанда жумушсуз жаранды расмий жумушка алган ишкерлерге 150 миң сомдон кайтарымсыз каражат берүү боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу кечээ, 30-октябрда Эмгек министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, пилоттук долбоор 12 айга эсептелген жана Бишкек, Ош, Каракол шаарларында, ошондой эле Кадамжай районунда ишке ашырылат. Ишкерлерди тандоодо алардын туруктуу кирешесинин болушу, сунушталган эмгек акынын өлчөмү жана кызматкерлерди окутуу мүмкүнчүлүктөрү эске алынат.

Ошондой эле министрлик "Социалдык контракт" программасынын мурдагы катышуучуларына артыкчылык берилерин билдирди.

"2022-жылдан бери өлкө боюнча 60 миңге жакын аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлгөн. Программанын катышуучуларынын 93 пайызын аялдар түзөт. Алгач социалдык контракттын өлчөмү 100 миң сомду түзсө, 2025-жылдан тартып 150 миң сомго чейин көбөйтүлдү", - деп белгиленди маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан