Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан жаранды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 29-октябрда болгон. Анын кесепетинен 43 жаштагы жаран денесинен жаракат алып, ооруканага кайрылган.
"Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын 33 жаштагы айдоочусу кармалды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп белгиленди маалыматта.