Биз социалдык тармакта

Бишкекте велосезондун жабылышы өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында быйылкы велосезондун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Бул тууралуу кечээ, 30-октябрда мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, веложүрүш саат 10:00дө Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталып, "Газпром — балдарга" ден соолукту чыңдоо комплексинин жанында аяктайт.
"Катышуучуларды каттоо саат 08:30дан 09:45ке чейин Жеңиш паркында жүргүзүлөт. Веложүрүшкө каалоочулардын баары катыша алышат. Буга байланыштуу Аалы Токомбаев проспектисинин түндүк тарабындагы жолдун батыш багытында саат 09:45тен 10:30га чейин унаа кыймылы чектелет", - деп белгиленди маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан