Биз социалдык тармакта

Министр курулушу токтоп калган үйлөргө барды (видео)

Кечээ, 31-октябрда курулуш министри Нурдан Орунтаев Бишкектеги курулушу токтоп калган бир катар көп кабаттуу үйлөрдү бүтүрүү маселесин карап, үлүш ээлери менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, объектилер Жибек Жолу, Мичурин жана Кипкалов көчөлөрүндө, Көк-Жар конушунда жана Таш-Дөбө айылында жайгашкан. Алардын айрымдарынын курулушу 2013-жылдан бери токтоп турат. Аталган объектилердеги көйгөйлөрдү чечүү максатында жакынкы убакта курулуш компанияларына тышкы башкаруу киргизүү боюнча чечимдер кабыл алынат.

Мындан тышкары, компаниялардын уюштуруучуларына жана жетекчилерине карата тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына кайрылуулар жөнөтүлөрү кошумчаланды.

Бишкекте курулушу токтоп калган үйлөрдү бүтүрүү маселеси каралды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан