Биз социалдык тармакта

Кышында көк бөрү ойноп... Мыктыбек Оролбай уулу Ислам Махачев менен жолугушту (видео)

Кыргызстандын жана Дагестандын UFC мушкерлери Мыктыбек Оролбай уулу менен Ислам Махачев Дубайда жолугушту. Кыргыз мушкери орусиялык кесиптешин кышында көк бөрү ойноого кайрадан Кыргызстанга чакырып, чеберчилик деңгээлинде оюн боло тургандыгын айтты.

Махачев улуттук оюнду профессионалдык деңгээлде ойноо ага азырынча эрте экенин белгилеп, барып машыгууларды өткөрүп келерин билдирди.

Эскерте кетсек, 5-октябрда эрежесиз эр уруш боюнча дүйнөгө таанымал мушкер Бишкекке келип, "Бишкек Аренанын" ачылышына катышып, президент Садыр Жапаров менен да жолукту. Анда ал Бишкекте көк бөрү оюнун ойноп, Оролбай уулун мелдешке да чакырып, бирок ал ишке ашпай калган болчу.



"Кышында көк бөрү ойнойбуз". Мыктыбек Оролбай уулу Ислам Махачев менен жолугушту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан