Интернет желесинде футбол жылдызы Лионель Мессинин гол киргизген видеосу тарап, күйөрмандарын суктандырууда.
Футболчу голун кечээ, 1-ноябрда АКШнын Фоксборо шаарында "Интер Майами" клубу менен "Нью-Инглэнд Революшн" клубунун беттешинде киргизген. Ал үч атаандашын алдап өтүп, топту дарбазага таамай тепкен. Месси андан тышкары, бир голдук пас берген. Ошентип "Интер Майами" 2:1 эсебинде атаандашын жеңген.