Ош шаарында көчө иттерин атуу жүрүп жатат

Ош шаарында күнүнө 13-14 көчө иттери атылып жатат. Жалпы 60тан ашуун ит жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда мэриянын басма сөз катчысы Гүлзина Аманова билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы убакта шаар ичинде көчө иттери көбөйүп, адам ден соолугуна зыян алып келген учурлар арбын катталган. Оорулуу көчө иттерин жок кылуу боюнча мэр "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Искендер Жороевге тапшырма берген. Мэрдин эл менен жолугушуу учурларында тургундар көчө иттерин жок кылуу боюнча чаралар көрүлбөй жатканын айтышкан.

"Тазалык" ишканасынын башчысы иттерди таңкы саат 5-7лер чамасында атып жатышканын маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан