Бишкек шаарында №37 автобус каттамынын кыймыл схемасына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу кечээ, 3-ноябрда мэриядан билдиришти.
Маалымдалгандай, жаңыланган схема боюнча №37 автобус Биримдик Кут конушун Курманжан датка көчөсү менен байланыштырат.
Мэрия бул өзгөртүүлөр Биримдик Кут конушунун тургундарынын кайрылууларын эске алуу менен кабыл алынганын кошумчалады.