Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдүн Сары-Тологой айылында заманбап бала бакча курулууда

Ысык-Көлдүн Түп районундагы Сары-Тологой айылында 100 орундуу бала бакча курулууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 84 миллион сомду түзөт.
Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, бала бакчанын курулуш иштери 2025-жылдын апрель айында башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери 70 пайызга аткарылды. Учурда имараттын ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүп, аймагын көрктөндүрүү жана чакан архитектуралык формаларды орнотуу иштери пландалууда.
Заманбап үлгүдө курулуп жаткан бала бакчада бөбөктөрдүн тарбияланып, билим алуусу жана эс алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Имараттын жалпы аянты 1404 чарчы метрди түзөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан