Биз социалдык тармакта

Дана Уайтты таң калтырган Акбар Абдуллаевдин UFC'деги алгачкы атаандашы белгилүү болду

Кыргызстандык мушкер Акбар Абдуллаев UFC'деги алгачкы беттешин 5-декабрда Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында өткөрөт. Анын алгачкы атаандашы бразилиялык Майрон Сантос болмокчу.

Абдуллаевдин профессионалдык рекорду 14 жеңиш. Ал бардык беттештерин мөөнөтүнөн мурда аяктап, 13үн нокаут менен жыйынтыктаган. Ал эми анын атаандашы Майрон Сантос UFC'де төрт жолу жеңишке жеткен. Бразилиялык мушкердин жалпы рекорду 17 жеңиш, 1 жеңилүү.

Эскерте кетсек, Абдуллаев UFC менен келишимге сентябрда Dana White’s Contender Series турнириндеги ийгиликтүү беттешинен кийин кол койгон. Ал бразилиялык Эднилсон Сантосду болгону 19 секундда нокаутка учураткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан