Кечээ, 3-ноябрда Америка Кошмо Штаттарында тарыхый окуя катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Мичиган штатында Демократиялык партиянын талапкери, 42 жаштагы Абдул Эль-Сайед жеңишке жетти. Ал АКШнын бүткүл тарыхында Сенатка шайланган алгачкы мусулман саясатчы болуп калды.
"Кесиби боюнча Эль-Сайед өз программасында жумушчу үй-бүлөлөрдү колдоо, медициналык камсыздандырууну жеткиликтүү кылуу убадасы жана Израилге берилүүчү аскердик жардамдарды сынга алуу менен өзгөчөлөнгөн. Буга чейин АКШнын тарыхында мусулман саясатчылар парламенттин төмөнкү палатасында гана шайланып, Сенатта буга чейин бир дагы мусулман өкүлү болгон эмес",- деп белгиленди маалыматта.