Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын биринчи айымы Мелания Трампка I даражадагы "Ольга" орденин тапшырды.
Чет элдик басылмалар Зеленскийдин жарлыгы 2-ноябрда чыкканын жазышты. Сыйлык ага Украинага гуманитардык жардам көрсөткөнү үчүн берилген.
Айта кетсек, Мелания Трамп мурда Олешкиде ок атышууну токтотууну жактап, украин балдарынын Орусиядан Украинага кайтарылышына көмөктөшкөн.