Бишкектин Чүй проспектиси менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан соода объекттери алынды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, демонтаждоо иштери соттун чечиминин негизинде жүргүзүлүүдө. Бул аймакты жашылдандыруу жана көрктөндүрүү пландалган.
Белгилей кетсек, бошотулган жерде кондитердик таттуулар жана гүл сатуучу дүкөндөр иштеп келген.