Бул чыгарылышыбыздын коногу - бир кезде “Жүрөгүмдөн”, “Кара тору” ырлары менен элдин сүймөнчүгүнө айланган ырчы Мелис Абдрашитов.
Анын ырлары бир муундун жаштыгы менен кошо эсте калды. Бирок чыгармачылыгы кызуу жүрүп турган маалда сахнадан алыстап, башка тармактарда эмгектене баштады. Бүгүнкү күндө ал эмне менен алек? Ырчылыкты биротоло таштадыбы же кайрадан сахнага кайтуу максаты барбы?
Бул маекте ырчы Мелис Абдрашитов менен өткөн күндөргө кайрылып, көпчүлүккө белгисиз кызыктуу окуяларды эстедик.