Биз социалдык тармакта

Бишкекке конгон S7 Airlines учагынан кооптуу буюмдар табылган жок

“Манас” эл аралык аэропортунда Новосибирск – Бишкек багыты боюнча каттаган S7 Airlines авиакомпаниясынын учагын текшерүү иштери аяктады. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ААКынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учакты кылдат текшерүүнүн жыйынтыгында жарылуучу заттар жана башка кооптуу буюмдар табылган эмес.

Жүргүнчүлөрдүн бардык жүктөрү жана кол баштыктары кошумча текшерүүдөн өткөрүлүп, ээлерине толугу менен кайтарылган.

Учурда учак кайрадан учууга даярдалууда.

Аэропорттун бардык кызматтары жана тиешелүү мамлекеттик органдар коопсуздук чараларын ыкчам жана так аткарышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан