Бишкек шаардык мэриясы: "Шаарга "Чукул кырдаал" режими киргизилүүдө"

Бишкек шаарынын аймагына "Чукул кырдаал" режими киргизилүүдө. Мындай маалыматты бүгүн, 18-декабрда Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. "Бишкек шаарындагы аймактарды, жашоочу үйлөрдү жана чарба объектилерин суу каптоо коркунучу болуп жаткандыктан, ушундай режим киргизүүдөбүз" дешти мэриядан. Эске салсак, 15-декабрь күнү Ала-Арча дарыясынын Бишкектин Рыскулов көчөсүндөгү көпүрөсүндө муз тоңуп, суу нугунан ашып, 7 үйдү каптаган. Учурда ал жерде 170 шаар кызматкерлери, ӨКМнын кызматкерлери жана 25 атайын техника суунун нугун тазалоодо. Мэриядан белгилешкендей, Ала-Арча жана Аламүдүн дарыясы күнү-түнү көзөмөлгө алынып турмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан