Түштүк Корея Кыргызстанга инвестиция салышы мүмкүн

17-декабрда Тышкы иштер министрлигинин  Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы Данияр Сыдыков Кыргызстандагы Түштүк Кореянын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Го Ок Сок менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 18-декабрда билдирди. Жолугушууда эки өлкөнүн соода-сатык мамилелери талкууланды. Элчи Го Ок Соктун айтымында, жакында Кыргызстанга Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде окутуу, айыл чарба иштерин жүргүзүү жана кайрымдуулук акцияларын уюштурууну жөнгө салуу боюнча алектенген Кореянын 100дөй жараны келет. Ошондой эле Го Ок Сок Кыргызстандын бир канча долбоорлоруна Түштүк Корея инвестиция салышы күтүлүп жатканын айтты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан