Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы Орусиянын аскердик базасынын статусу жана шарты тууралуу мыйзамга, ошондой эле эки өлкөнүн аскердик кызматташуусу жөнүндөгү протоколго кол койду. Мындай билдирүүнү Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Эскерте кетсек, аталган мыйзам 2012-жылдын 20-сентябрында түзүлүп, 13-декабрда ЖКнын депутаттары тарабынан 3-окууда кабыл алынган. Орусиянын базасы ЖККУнун куралдуу күчүнүн бөлүгү болгондуктан, база бардык салык төлөмдөрүнөн жана жердин ижара салыгынан кутулду. Бирок келишимге ылайык, база 2017-жылдын 29-январынан баштап жылына 4 502 495 доллар өлчөмүндө салык төлөй баштайт.