Казакстанда туруктуу каттоодо турган 5 миң кыргыз жараны бар

Казакстанда туруктуу каттоодо турган 5 миң, ал эми убактылуу каттоодо турган 25 миң кыргыз жараны бар. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нуржигит Кадырбеков маалымдады. Ал белгилегендей, Кыргызстандын Орусиядан кийинки эле маанилүү миграциялык өнөктөшү - Казакстан. Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, Казакстанда 80 миңдей кыргыз жараны жашап, иштешет. Маалыматка ылайык, учурда Алматы шаарында эле 15 миңдей кыргыз бар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан