Биз социалдык тармакта

Бишкек–Ош унаа жолунда унаанын жүргүнчүлөрүнөн баңгизат табылды (видео)

Бишкек–Ош унаа жолунда унаанын жүргүнчүлөрүнөн баңгизат табылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарын көздөй бара жаткан Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда 2 жүргүнчүдөн ири өлчөмдөгү гашиш баңгизаты табылды.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.

Бишкек–Ош унаа жолунда унаанын жүргүнчүлөрүнөн баңгизат табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан