Ош шаарындагы аэропортко Алымбек датканын аты берилиши мүмкүн

Ош шаарындагы аэропортко Алымбек датканын аты берилиши мүмкүн. Мындай маалыматты бүгүн, 18-декабрда Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты. Мындай демилгени шаардык кеңештин 3-чакырылышындагы депутаттар көтөрүп чыгышты. Депутаттардын пикиринде, эгер белгилүү жайларга баатырлардын аттары берилсе, анда патриотизм кандайдыр бир деңгээлде өнүгөт. Мэриядан белгилүү болгондой, учурда аэропортту Ош шаарынын балансына өткөрүп берүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер аэропорт Ош шаарынын балансына өткөрүлсө, анда аэропортко Алымбек датканын ысымы берилмекчи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан