Орусиядан грант болуп келчү 25 миллион доллардын 10 миллиону калктын саламаттыгын сактоого жумшалат. Мындай билдирүүнү бүгүн, 18-декабрда ЖКнын Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Каржы министри Ольга Лаврова билдирди. Ольга Лаврованын айтымында, учурда Кыргызстандын социалдык тармактарына бюджеттен акча жетиштүү деңгээлде бөлүнбөй жатат.