Кыргызстанда 10-16-декабрь аралыгында сасык тумоо менен ооругандардын саны 4 миң 885ке жетти. Мындай билдирүүнү Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти таратты. Маалыматка ылайык, сасык тумоо менен ооругандар ноябрь айында күчөй баштаган. Декабрь айынын биринчи аптасында эле бул оору менен ооругандардын саны 3 миң 185ке жеткен. Кошумчалай кетсек, сасык тумоо менен ооругандардын 40%ын 4 жашка чейинки балдар түзөт.