“Датка” курулушу бүткөндө Ош жана Баткен аймактарында электр жарыгына чектөөлөр болбойт". Мындай билдирүүнү бүгүн Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс жана кендерди пайдалануу боюнча комитеттин жыйынында билдирди. Министрдин айтымында, учурда Кыргызстандын түштүк аймагында электр энергиясынын кубаттуулугу 50-58%га кыскарган.