Учурда чет өлкөнүн түрмөлөрүндө 2110 кыргыз жараны отурат
Учурда чет өлкөлөрдө кылмыш жасагандыгы үчүн 2110 кыргыз жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нуржигит Кадырбеков билдирди. Анын айтымында, учурда Кыргызстандагы чет өлкөлүк мекемелер аталган кылмышкерлер боюнча мониторинг жүргүзүүдө. Орусияда 1700дөй, Казакстанда 200гө жакын, Өзбекстанда 60тай айыпталуучу кармалгандыгы айтылды. “Жарандар баңгизат, чек арадан мыйзамыз өтүү, талап-тоноо, адамдын ден соолугуна атайылап зыян келтирүү, киши өлтүрүү, шылуунчулук сыяктуу кылмыш ишин жасашкан”,- дейт Кадырбеков.