Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун гуманитардык факультетинде "Тарых жана этнопедагогика" борбору ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Борбордун ачылышына окуу жайдын жетекчилери, этнографтар, белгилүү тарыхчылар, шаардык кеңештин депутаты А.Нурбаев, Ош шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Кимсанов, окутуучулар жана студенттер катышышты.
"Мындай борбордун ачылышы студенттерибиздин билим алуусуна, элдик педагогикага болгон түшүнүгүн кеңейтүүгө бир топ жардам берет. Заманбап көргөзмө куралдар менен жабдылышы окутуучулардын сабак өтүүсүн жеңилдетет",- деди окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев.