Кыргызстан Казакстанга газды берүүдө чектөө койгондугу үчүн юридикалык жана каржы доосун билдирет

Кыргызстан Казакстанга газ берүүдө чектөө койгондугу үчүн юридикалык жана каржы доосун билдирет. Мындай пикирди бүгүн, 18-декабрда ЖКнын отун-энергетикалык комплекс жана кендерди пайдалануу боюнча комитеттин жыйынында "Кыргызгаз" ААКсынын директорунун орун басары Абдымажит Маматисаев билдирди. "Биз Казакстанга газга чектөө киргизгендиги тууралуу кайрылганыбызда алар "Казакстандын түштүк аймагында газ жетишсиз болуп жатат" деп билдиришти. Демек, бизге бериле турчу газ Казакстандын түштүгүндө колдонулууда. Андыктан биз аларга юридикалык жана каржы доосун билдиребиз",- деди Абдымажит Маматисаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан