Министр Автандил Калмамбетов жакын арада Астана шаарына газ маселесин сүйлөшүү тууралуу барат. Бул тууралуу ЖКнын отун-энергетикалык комплекс жана кендерди пайдалануу боюнча комитеттин жыйынында белгилүү болду. Кошумчалай кетсек, аталган комитетте бүгүн, 18-декабрда газ берүүдөгү үзгүлтүктөр жана электр энергиясындагы өчүрүүлөр тууралуу маселелер талкууланууда.