2014-жылдын 10-февралына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 340 миллион метр кубду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылы 12 миллиард 196 миллион метр куб болгон. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундуна 141 метр куб, агып чыккан суунун көлөмү секундуна 829 метр кубду түзүүдө.