Ош шаарындагы Навои көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган күркөлөрдүн иши токтотулат. Ал эми соода-сатык менен алектенген соодагерлерди башка жакка көчүрүү үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Буга калаада бир топ баш аламандык орун алып, шаар тургундарынын кыймылына тоскоолдуктар жаралып жатканы себеп болгон.